Жалал-Абад облусу жумушсуздардын саны боюнча биринчи орунда турат

2 июня 2021, 10:00

Улуттук статистикалык комитетин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда 79,1 миңден ашуун жумушсуз деп катталган.

Анын ичинен Жалал-Абад облусунда 23,2 миң адамдын иштеген иши жок жана бул башка аймактарга салыштырмалуу жогорку көрсөткүч. Бирок, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жумушсуздардын саны 2,3% га азайган.

Экинчи орунда Ош облусу - 19,7 миң жумушсуз, үчүнчү орунда - Баткен облусу 10,4 миң катталган. Баарынан аз Нарын облусунда (2,9 миң) жана Ош шаарында (3 миң).

Белгилей кетсек, бул расмий катталгандар гана. Талдоочулардын билдиришинче, Кыргызстанда жумушсуздардын саны мындан да көп.