Базар-Коргондо мыйзамсыз сакталган 1,5 млн сомдук спирт ичимдиктери табылды

28 апреля 2021, 16:45

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда рейддик салык көзөмөлү учурунда алкоголдук ичимдиктер мыйзамсыз сакталып, сатылып жаткан кампа аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 1,5 миллион сомдон ашык суммага 17 777 бөтөлкө алкоголдук ичимдиктер алынган.

"Ишкананын сатылган продукцияларга лицензиясы жана коштоочу документтери болгон эмес" деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча мыйзамга ылайык чаралар көрүлөрү белгиленди.