Жалал-Абад облусунда эки валюта сатуучуга айып салынды

1 сентября 2023, 12:56

Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан эки жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Белгилеп кетсек, айып пулдун ар бири 17,5 миң сомду түзгөн. Ошентип, айып пулдун жалпы суммасы 35 миң сомду түздү.