Жети-Өгүздө 100 гектарга жүгөрү эгүү пландалууда

14 апреля 2021, 15:50

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жүгөрүнүн аянты эки эсеге көбөйүшү керек.

[жаңылыктар 34011]

Эгерде өткөн жылы Жети-Өгүз районунун дыйкандары 49 гектарга жүгөрү сепкен болсо, быйыл 100 гектарга жакын аянтка жүгөрү эгиши күтүлүүдө. Түшүмдүн көпчүлүгү малдын тоютуна кетет деп пландалууда.

Бул иш-чарага Дүйнөлүк Банктын долбоору көмөктөштү, артыкчылык Жети-Өгүз районунун дыйкандарына берилди. 

Долбоордун алкагында адистер тийиштүү консультацияларды өткөрүп жатышат.