ЕАЭСте өнөр-жай өндүрүшүндөгү товарлардын баасы төмөндөгөн

30 октября 2019, 09:15

2019-жылдын 9 айдагы жыйынтыгы менен, өнөр-жай өндүрүшү Евразия экономика союзунда өткөн жылга  караганда 0.09%, 2018-жылдын декабрь айы менен салыштырганда - 2.3% азайган. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссия билдирет. 

Өнөр-жай тармагында чыгарылган товарлардын баасы  Россияда - 1.2% жана Казакстанда - 1.4% төмөндөгөн.  ЕАЭСке мүчө болгон башка мамлекеттерде, тескерисинче өндүрүш тармагындагы продукциялардын баасы Кыргызстанда - 11.5%, Белорусияда - 5.8%, Арменияда - 3.1% өскөн.