ЕАЭБ алкагында өнөр жай өнүмдөрүн илгерилетүү пландалууда

3 ноября 2022, 09:35

Ушул аптанын 1-ноябрында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйыны өттү. Анда ЕАЭБ мамлекеттеринин өнөр жай өнүмдөрүн үчүнчү өлкөлөрдүн базарларына илгерилетүү иштери талкууланып, кабыл алынды

ЕЭКтин Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян, экспорт үчүн ЕАЭБде заманбап тестирлөө базасын түзүү үчүнчү өлкөлөрдө сертификациялык чыгымдарды азайтарын белгиледи.  Бул учурдагы экономикалык кырдаалда ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактап калат.     

Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясы кабыл алган сунуштар сертификат берүүчү уюмдарга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тармактык жана экспорттук артыкчылыктарын эске алуу менен өнөр жай продукциясын жеткирүүнүн келечектүү багыттары жөнүндө маалымдоого жардам берет. Ошондой эле, уюмда экспортту колдоонун жаңы механизмдерин иштеп чыгууга көмөктөшөт.

“Бул сунуш ЕАЭБтин өнөр жай тармагынын экспорттук потенциалы боюнча мүчө өлкөлөрдүн сыноо лабораториялары үчүн маркетингдик маалымат болуп саналат. Бул документтин кабыл алынышы менен аларга бир катар маселелерди чечүү жеңилдейт. Мисалы, кайсы аккредитацияланган сертификат берүүчү уюмдар менен жана кайсы конкреттүү өнүмгө тестирлөө кызматтарын көрсөтүү боюнча келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатка ылайыктуу, — деп жыйынтыктады Артак Камалян.