ЕАЭБдин ичинен экспорттун көлөмү бир гана Кыргызстанда жогорулаган

28 октября 2020, 11:40

ЕАЭБдин ичинен 2020-жылдын январь-август айларында экспорттун өсүшү бир гана Кыргызстанда катталган. Жалпысынан ЕАЭБдеги экспорттун көлөмү 228.6 млрд долларга жеткен. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. 

Отчетттук мезгил убагында экспорт 16.9% жогорулаган. Бул Кыргызстандагы баалуу металлдын экспорттун жалпы көлөмүнүн ичинен, 36.6% өсүшү менен байланыштуу болгон. Башка тармактын көрсөткүчтөрүндө төмөндөө катталган. М: минералдык продукцияларда - 17.7%, азык-түлүк жана айыл-чарба чийки азыктары - 16.1%, машина, жабдыктар - 11.4% төмөндөгөн. 

Арменияда экспорттун көлөмү, минералдык азыктардын жеткирилиши 17.7% өскөнүнө карабастан, 2.6% төмөндөгөн. Казакстанда экспорт - 15.4%, Россияда - 25%, Белорусияда - 26.7% төмөндөгөн.