ЕАЭБде Евразия кайра камсыздандыруу компаниясы түзүлөт

14 июня 2022, 09:45

Нур-Султан шаарында 10-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун алкагында Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү боюнча макулдашуу каралды.

Евразия кайра камсыздандыруу компаниясы эл аралык каржы уюму болуп саналат. Ал өз ара жана тышкы сооданы стимулдаштыруу, биргелешкен кызматташуу долбоорлорун жана ЕАЭБ инвестицияларын ишке ашыруу, Евразия кайра камсыздандыруу компаниясына мүчө мамлекеттердин экспорттук кредиттик агенттиктеринин функцияларын улуттар аралык деңгээлде толуктоо максатында түзүлөт.