ЕАЭБде Беларус эң көп сүт азыктары менен соода кылат
Сүт азыктарын, канаттуулардын жумурткасын жана балды сатуу ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында 1,2 миллиард долларга жетти. Бул маалыматтар ЕЭК тарабынан берилди.
Анын ичинен 1 миллиард доллары Беларуска туура келет. Кийинки орунда Орусия - 106 миллион доллар, Казакстан - 29,8 миллион доллар, Кыргызстан - 23,9 миллион доллар менен турат.
Армения соодадан болгону 6,8 миллион доллар пайда тапты.