ЕАЭБде кездемелердин бир нече түрүнө импорттук пошлиналар жокко чыкты

19 мая 2021, 10:40

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБге туурасы 30 см ашык тигилген же токулган кездемелердин айрым түрлөрүн импорттоодо алымдарды жокко чыгарууну  чечти, чара убактылуу ушул жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.

Импорттун ири көлөмү Беларуссия менен Кыргызстанга туура келет. Азыркы учурда биримдик талап кылынган мүнөздөмөлөргө ээ полотнолорду чыгарбайт, бирок алардын өндүрүшүн Орусияда түзсө болот.

"Нөлдүк пошлинанын мезгилинде кызыкдар болгон өндүрүүчүлөр жана керектөөчүлөр ЕАЭБдин аймагында өндүрүштү уюштуруу максатында трикотаж кездемелерине технологиялык талаптарды макулдашуу жана прототиптерин сыноо боюнча өз ара аракеттенүүнү улантышат. Беларуссиянын жана Кыргызстандын ишканалары мындай продукцияны сатып алууга кызыкдар экендигин буга чейин эле тастыкташкан ”, - деп белгилешти ЕЭК соода блогунан.

Азыркы учурда, сөз болуп жаткан продукциялар үчүн алым 3% ды түзөт. Ченди убактылуу нөлгө салуу чарасы чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.