ЕАЭСте 46.4 млрд жумуртка өндүрүлгөн

26 ноября 2019, 14:05

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында ЕАЭСтин фермерлери 101.3 млрд долларга продукция чыгарышкан. Өткөн жыл менен салыштыргнада, өсүү 3% катталган. Бул тууралуу ЕЭК билдирет. 

Мал чарбачылыктын башкы үлүшү Россияга таандык. Себеби, өндүрүлгөн  46.4 млрд даана жумуртканын ичинен, 37.7 млрд жумуртка РФ чыгарылган. Андан киийнки баскычта Казакстан(4.6 млрд) жене Белорусия (3 млрд). Кыргызстанда 484 млн даана жумуртка өндүрүлгөн. 

Андан сырткары, РФ 26.7 млн тоннадан ашык сүт өндүрүлгөн. Ал эми Кыргызстанда - 1.4 млн тонна сүт чыгарылган.