ЕАЭБде Кыргызстан менен Орусия гана бюджетти профицит менен аткарды

24 ноября 2021, 11:35

Ушул жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджет Армения, Белорусия жана Казакстанда дефицит менен аткарылган. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу Армения менен Беларуста дефициттин азайышы байкалса, Кыргызстан менен Россияда бюджеттин тартыштыгы профицитке алмаштырылган. Кыргыз Республикасы финансылык эмес активдерди сатууну жана сатып алууну эсепке алганда 1,1 миллиард сомдук профицитке жетишкен.

"Арменияда, Белорусияда жана Россияда кирешенин өсүш темпинин жогорулашы жана республикалык бюджеттин чыгашаларынын өсүш темпинин кыскарышы байкалган. Казакстанда кирешелердин жана чыгашалардын өсүү темпинин төмөндөшү байкалды, ал эми Кыргызстанда эки көрсөткүч тең тездетилген темпте өстү”, - деп белгилешет ЕЭК аналитиктери.

Эске салсак,Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча бул жылдын тогуз айында республиканын мамлекеттик бюджети 3 млрд 7 млн ​​сом профицит менен аткарылган.