ЕАЭБде Орусия менен Кыргызстан гана бюджетти профицит менен аткарды

17 декабря 2021, 09:01

Ушул жылдын тогуз айында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия менен Кыргызстан гана республикалык бюджетти профицит менен аткарды. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти.

Орусияда казынанын кирешеси чыгашадан 22 млрд долларга, Кыргызстанда 13,1 млн долларга ашты.

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон мамлекеттердин калганы бюджетти тартыштык менен аткарышты. Эң чоң терс сальдо Казакстанда түзүлүп, ал 4 млрд 638,7 млн доллар болсо, Армения менен Беларусияда тартыштык тиешелүүлүгүнө жараша 291,3 млн долларды жана 429,9 млн долларды түздү.