ЕАЭБдин эмгек рыногундагы бош орундар көбөйдү

24 июля 2021, 10:40

ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө калкты жумушка орноштуруу кызматтарында жарыяланган бош жумуш орундарынын саны көбөйдү. Бул тууралуу ЕЭК билдирди. 

Маалыматка ылайык, ушул жылдын май айында эң көп бош орундар Орусияда, эң азы Арменияда белгиленди.

Ошол эле учурда, ушул жылдын апрель айына салыштырмалуу Армениядагы бош орундардын саны 10% га, Орусияда- 9,8% га, Кыргызстанда - 7,4% га, Беларуссияда - 6,7% га көбөйгөн.