ЕАЭБ лампаларга пошлина киргизди

22 апреля 2021, 09:20

ЕЭК лампалардын айрым түрлөрүнө 5% импорттук пошлинаны киргизди. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында маалымдалды.

Алымды киргизүүнүн максаты - ички рынокто ата мекендик өндүрүштөгү лампалардын үлүшүн көбөйтүү жана импортту алмаштыруу.

Мындан тышкары, буга чейин мындай лампалардын айрым компоненттери үчүн 5-14% га бажы алымдары белгиленген, буга байланыштуу сунушталып жаткан чара ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифин жогорулатуу принцибин сактоого мүмкүндүк берет.

Кошумчалай кетсек, бул чечимдин кабыл алынышы Евразиялык светодиоддук технологиялык платформасын түзүү милдетине шайкеш келет.