ЕАЭБде 100 млн чарчы метрден ашык турак жай пайдаланууга берилди

27 января 2023, 15:05

Былтыркы жылдын январь-ноябрь айында ЕАЭБ аймагында аткарылган курулуш иштеринин көлөмү 5,5%га өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБде жалпысынан 111 миллион чарчы метр турак жай аянты пайдаланууга берилген. Белоруссиядан башка биримдиктин бардык өлкөлөрүндө өсүш байкалган. 

Тактап айтканда, курулуш иштеринин өсүшү Кыргызстанда 11,1%, Арменияда 13,3%, Орусияда 6,4%, Казакстанда 4,3%ды түздү.