ЕЭКте кадрдык өзгөрүүлөр болду

30 августа 2021, 09:20

Александр Алексанян Маалыматтык технологиялар департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, жаңы директор информациялык технологияларды өнүктүрүү жана инфраструктуранын туруктуулугун камсыздоо жаатында ири ишканаларда жана илимий мекемелерде чоң тажрыйбага ээ.