ЕЭКте кадрдык өзгөрүүлөр болду

4 декабря 2020, 14:20

Евразия экономикалык коллегиясынын Бажы комитетине жаңы орун басарлар дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди. 

Мыйзамдар жана укук колдонуу практикасы боюнча директордун орун басарлары болуп Нурлан Байназаров жана Татьяна Дубровская дайындалды.

Дубровская буга чейин Белорусиянын бир катар тармактарында иштеп келген. Ал эми Байназаров Казакстандын финансы министрлигинин бажы көзөмөлдөө комитетинин уюштуруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана жөнөкөй инспекторлук кызматтан башкы инспекторлукка чейинки кызматтарда иштеген.