«Электр станциялары» ишканасына жаңы орун басар дайындалды

11 апреля 2023, 12:08

“Электр станциялары” ААКнын аткаруу органынын курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Алсак, директорлор кеңешинин чечими менен Кеңешбек Мурзакматов “Электр станциялары” ишканасынын башкы директорунун орун басары кызматынан кетти.

Анын ордуна Нурлан Абакиров дайындалды.