Быйылкы жылы үйлөрдүн көбү Ош облусунда курулду

29 июля 2022, 12:50

Ушул жылдын январынан июнь айына чейин Кыргызстанда 4 миң 421 турак жай, үч мектеп, үч бала бакча жана тогуз саламаттык сактоо мекемеси курулду. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Турак жай жана социалдык объектилердин көбү Ош облусунда курулган – 1 миң 151. Курулуш боюнча экинчи орунда Жалал-Абад облусу турат (891 объект).

Чүй облусунда 596, Ысык-Көл облусунда 457, Бишкек шаарында 362, Талас облусунда 309, Баткен облусунда 292 объект курулган.

Объекттердин ичинен эң азы Нарын облусунда (182) жана Ош шаарында (91) курулган.