Быйыл пахтанын баасы 90 сомго чейин түшүп кетти

6 октября 2022, 12:10

Парламенттин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев пахта өстүргөн дыйкандарды колдоо боюнча маселе көтөрдү. 

Анын айтымында, учурда дыйкандар терген пахтаны заводдорго 90 сомдон сатса, былтыр анын баасы 110-112 сомго жеткен. Учурдагы баа дыйкандардын чыгымын актабай жатат. 

Нурбаев азыркы тапта дүйнөдө, анын ичинде Индияда жана Кытайда пахтага болгон таңкыстык бар экендигин кошумчалады.

“Биз өзүбүздүн дыйкандарга жардам бере алабыз. Балким, Тышкы иштер министрлиги менен биздин пахтага кызыкдар чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу боюнча сүйлөшүшүбүз керек”,- деди эл өкүлү.