Быйыл Кыргызстанга 195 миң тонна буудай импорттолот

13 октября 2022, 11:18

Быйыл Кыргызстанга 195 миң тоннага жакын буудай импорттолушу керек. Бул тууралуу маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан быйыл буудайга болгон муктаждыгын 70-75% камсыз кылды. Республика боюнча жалпысынан 674 миң тонна буудай жыйналды.

"Быйылкы талап 869 миң тоннаны түзөт. Ал эми бул божомолдор кыргызстандыктардын жана Кыргызстанга келген коноктордун миграциясын эске алуу менен түзүлдү", - деди министр.