Улан Орозбаев «Евразия сактык банкын» жетектейт

2 августа 2023, 09:55

Улуттук банк Евразиялык сактык банкынын башкармалыгына бир катар маанилүү дайындоолор боюнча макулдашты. Мындай чечим 28-июлда кабыл алынган.

Тактап айтканда, банктын башкармалыгынын төрагалыгына Улан Орозбаев дайындалды.

Кошумчалай кетсек, Улан Асанбеков Евразиялык сактык банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү жана Аудит боюнча комитеттин төрагасы болуп бекитилди. Ал эми директорлор кеңешинин мүчөсү кызматына Бакыт Эгинбаев, директорлор кеңешинин мүчөсү болуп Таалайбек Алыбаев дайындалды.