Февраль айында кыргызстандыктар Россияга 37.6 млн $ которушкан
Февраль айында кыргызстандыктар Россияга 37.6 млн $ которушкан. Бул Кыргызстандан тышка чыккан каражаттардын ичинен 96.4% түзөт.
Кошумчалай кетсек, январь айына салыштырмалуу КР жарандары Россия Федерацисына 1.8 млн долларга көбүрөөк каражат которушкан. Жалпысынан тышка которулган каражаттын суммасы 3.1 млн долларга жогорулаган.
Мындан сырткары, февраль айында кыргызстандыктар Казакстанга - 700 миң доллар которушкан. Бул 2010-жылдан берки катталган алгачкы максималдуу көрүнүш. Ал эми алыскы чет өлкөгө - 600 миң доллар которулган.