Мамлекеттик карызды төлөөгө февралда январга караганда 1 млрд сомго көп бөлүнгөн

11 марта 2024, 17:32

Февраль айында Каржы министрлиги мамлекеттик карызды төлөөгө 3 миллиард 836,6 миллион сом караган. Бул тууралуу мекеменин тиешелүү айдагы кассалык планында көрсөтүлгөн.

Бул бересеге 2 млрд 775,1 млн сом каралган январь айына салыштырмалуу 1 млрд 61,5 млн сомго көп.

Кошумчалай кетсек, жалпысынан 2024-жылы мамлекеттик ички жана тышкы карызды тейлөөгө 66 миллиард 903 миллион сом бөлүү пландалууда. Анын 23 миллиард 926,1 миллион сому ички карызды төлөөгө, калган 42 миллиард 976,9 миллион сому республиканын тышкы милдеттенмелерин жабууга багытталган.