Февралда эмгек мигранттары Кыргызстанга 187,6 млн доллар которгон

11 апреля 2022, 12:43

Февраль айында эмгек мигранттары Кыргызстанга 187,6 млн доллар которгон. Мындай маалыматты Улуттук банк билдирди.

Бул көрсөткүч 2022-жылдын январь айына жана 2021-жылдын февраль айына салыштырганда 6%га же 10,5 млн долларга көп.

Салт боюнча каражаттын көбүн Россияда жүргөн кыргызстандыктар которгон. Ал тез которуу системалары аркылуу жеке жактардын акча которууларынын жалпы көлөмүнүн 97%ын (182,1 млн. доллар) түзөт.