«ФинансКредитБанктын» башкармалыгында өзгөрүүлөр болду

27 сентября 2021, 10:13

"ФинансКредитБанк" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын курамында өзгөрүүлөр болгонун банктан билдиришти.

21-сентябрда банктын директорлор кеңешинин кезектеги жыйынында директорлор кеңешинин мүчөсү Эрнис кызы Алиманы кызматтан алуу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле, Т. Т. Мажинов башкармалыктын төрагасынын орун басарлыгына дайындалды.