«Кредиттик союздардын финансылык компаниясында» жаңы кадр дайындалды

30 августа 2021, 11:30

Кредиттик союздардын финансылык компаниясында Директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жазылды.

Кредиттик союздардын финансылык компаниясы акционерлеринин 2021-жылдын 20-августундагы кезексиз жалпы чогулушунда Максат Кадыкеев коомдун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болуп шайланган.