Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси алмашты

27 февраля 2023, 19:32

Мирлан Бакиров Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Чечим Мирлан Бакировдун берген арызына ылайык кабыл алынган.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен аталган кызматка Канатбек Тургунбеков дайындалды.