G20 жакыр мамлекеттердин карыздарынын төлөө мөөнөтүн жылдырууну узартууну карайт

20 июля 2020, 13:40

G20 (Чоң жыйырмалар) үстүбүздөгү жылдын экинчи бөлүгүндө дүйнөнүн жакыр мамлекеттеринин карызын тейлөөгө салынган мароторийди узартуу мүмкүнчүлүгүн карайт. Бул тууралуу Чоң жыйырмалар мамлекеттеринин каржы министрлеринин жана G20 өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын башкаруучуларынын катышуусунда өткөн видеоконференциядагы билдирүүсүнө таянып, ТАСС басылмасы жазып чыкты.

«Биз Дүйнөлүк валюталык фондунун жана Дүйнөлүк банктын демилгеге кирип жаткан мамлекеттердин ликвиддүү каражаттарына муктаж мамлекеттери тууралуу жасаган тыянактарын, ошондой эле коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаалдын өнүгүүсүн эске алуу менен карызды тейлөөнү убактылуу токтотуу демилгесин улантууну карайбыз, аталган маалыматтар  2020-жылдын октябрь айында өтө турчу  жолугушуунун алдында жарыяланат»,-деп айтылат документте.

 

Белгилей кетсек, карыздык милдеттерди катытуу программасына катышууга 42 мамлекет билдирүү калтырган, ал эми баардыгы болуп бул жылы 5.3 млрд доллар өлчөмүндөгү карыздардын төлөнүшү токтотулат.

Дүйнөнүн эң өнүккөн 20 мамлекети 2020-жылдын апрель айынын ортосунда коронавирустан улам каржылык жактан жабыркаган жакыр мамлекеттердин карыздар боюнча төлөмдөрүн  ишке ашырууну убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алган. Бул чечим Париж кредиторлор клубунун 22 өлкөсү, андан сырткары Кытай, Индия, ТАР, Сауд Арабия сыяктуу бир катар чоң мамлекеттер тарабынан колдоого алынган.  Июнь айынын аягына карата, карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу мүмкүнчүлүгү менен 18 аз өнүккөн мамлекет колдонгон, муну менен, үнөмдөлгөн каражаттардын суммасы 1.3 млрд долларды түзгөн.