Google Play Store шпиондук тиркеме аныкталды
Avast антивирустук компания Google Play Store жакындарын, коллегаларын көзөмөлгө алган 7 тиркеме бар экенин аныктады. Бул тууралуу banki.ru жазып чыкты.
Google дароо аларды колдонуудан алганга жетишти. Бирок, зыян келтирген программалар 130 мин жолу жүктөө жасалган. Кимдир бирөөнүн телефону аркылуу байкоо салуу үчүн атайын тиркемени жуктөп, ага почтасын киргизип коет. Андан кийин гаджеттеги баардык маалыматтар тиркемени жүктөгөн адамдын почтасына келип турат.
«Сиз тиркемени гаджетке орнотуп, аны почтага байлаган соң, дагы бир программа өзү жүктөлөт. Ошондо алгачкы тиркемени жок кылып саласың. Ошондуктан, келечектеги "кайрымакка илинген" адам аны көрбөй калат. Тиркеме адамдын жүргөн жерин, анын контактарын, СМС жана телефон чалуулардын тарыхын чогултуу кудуретине ээ. Алтургай, WhatsApp менен Viber мессендерлерине дагы кирүүгө болот», —деп билдирген эксперттер.
Avast мындай тиркемелер тарабашы керек деп эсептейт.Анткени, адамдар арасында этикага туура келбеген аракеттер жасалуу коркунучу бар деп билдирет.