Мамлекеттик казыналык векселдерди жана облигацияларды чыгаруудан бюджетке 1,7 млрд. сом түшкөн

14 февраля 2020, 09:35

2020 - жылдын январь айында мамлекеттик баалуу кагаздарды (МКВ жана МКО) чыгаруудан республикалык бюджетке 1 715,82 млн сом киреше түштү. Анын иичнен: 

МКВны жайгаштыруунун эсебинен = 705,60 млн сом, анын ичинде:

- 12 айлык МКВ = 483,87 млн. сом;

- 6 айлык МКВ = 24,27 млн. сом;

- 3 айлык МКВ = 197,46 млн. сом;

МКОну жайгаштыруунун эсебинен = 1 010,22 млн сом, анын ичинде:

- 3 жылдык МКО = 234,32 млн. сом,

- 7 жылдык МКО = 775,90 млн. сом.

Маалымдама:  Мамлекеттик баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эмитенттелүүчү карыздык милдеттенмелери болуп саналат.

Мамлекеттик казыналык вексель – кыска мөөнөттүү, пайызсыз (дисконттук) МБК;

Мамлекеттик казыналык облигация (мындан ары - МКО) – узак мөөнөттүү, пайыздык кирешеси (купону) бар МБК.

МБКны чыгаруунун максаты – Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин учурдагы тартыштыгын каржылоо жана төлөм мөөнөтү келип жеткен мамлекеттик карызды кайра каржылоо.