Мурунку экономика министри Кожошев жаны кызматка дайындалды

4 декабря 2019, 13:14

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Арзыбек Кожошев дайындалды. Тиешелүү чечимге Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмоттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Кожошев 2015-жылдан 2017-жылга чейин экономика министри болуп эмгектенген. 

Белгилей кетсек, аталган мамлекеттик кызматка жарым жыл бою төрага дайындалган эмес. Андан сырткары, аткаруу кеңеши толук кандуу иш алып барыш үчүн дагы эки кызматкер талап кылынат.