Мамкурулушка директордун жаңы орун басары келди

11 марта 2024, 17:25

Бакай Турдугулов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

Жаңы орун басарды жамаатка мекеменин башчысы Нурдан Орунтаев тааныштырды.

Ал буга чейин министрлер кабинетинин алдындагы мамлекеттик экспертиза департаментинин директору болуп иштеген.