2021-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда 5,2 миң тонна гана бензин өндүрүлгөн
Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Кыргызстанда болгону 5,2 миң тонна бензин өндүрүлгөн. Бирок, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көлөм 33,3% га көбөйгөн, деп айтылат ЕЭКтин отчетунда.
Кыргыз Республикасында дизелдик отун 18,8 миң тонна өндүрүлүп, 4,4% га көбөйгөн, мазут өндүрүү 24,6% га чейин көбөйүп, 32 миң тоннага жеткен.
Жалпысынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мунай компаниялары дээрлик 12 миллион тонна бензин өндүрүшкөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көлөм 0,9% га төмөндөгөн.
Бул аралыкта бензин эң көп Орусияда өндүрүлгөн - дээрлик 9,9 млн тонна.