2021-жылдын биринчи кварталында эт өндүрүү 91,6 миң тоннага жетти

2 июня 2021, 10:20

Кыргызстандын дыйкандары үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында 91,6 миң тоннадан ашуун этти тирүүлөй салмакта өндүрүштү. Бул тууралуу улуттук статистика комитети билдирди. 

Эң жогорку көрсөткүчтөр Чүй (22,9 миң тонна), Ош (16 миң тонна), Нарын (14,8 миң) жана Жалал-Абад (13,2 миң) облустарында.

Ал эми Бишкек шаарында болгону 40 тонна болсо, Ош шаарында 466 тонна эт өндүрүлгөн.