Жылдын биринчи жарымында ЕАЭБ өлкөлөрүнө түз инвестициялар 14,7 млрд долларды түздү

21 октября 2021, 17:00

Быйылкы жылдын биринчи жарымында ЕАЭБ өлкөлөрүнө инвестициялардын жалпы суммасы 14,7 миллиард долларды түздү. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Орусиядан башка ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде түз чет өлкөлүк инвестициялардын таза агымы болгон. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.

Жалпысынан, инвестициялардын бардык категориялары боюнча агымы Армения, Беларусь жана Казакстанда байкалган.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин төлөм балансынын маалыматына ылайык, 2021-жылдын биринчи жарымында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу товарлардын соода жүгүртүүсү (товарлардын экспорту менен импортунун суммасы) бир кыйла көбөйгөн. Беларусияда жана Орусияда өсүш 30%дан ашты.