Испанияда 14.1 млн еврого балаты орнотушту

6 декабря 2019, 15:10

Испанияда мейманкалардын биринде баасы 14.1 млн € майрамдык балаты орнотулду. Бул тууралуу Tengri Travel порталы билдирет. 

Балаты күнү-түнү күзөтчүлөрдүн көзөмөлүндө. Аны Марбель шаарындагы  Kempinski Hotel Bahia мейманканасына орнотушту. Балатынын узундугу 5.7 метрди түзөт. Кооздугу менен британиялык белгилүү дизайнер, сүрөтчү жана бриллиант боюнча адис Дебби Уингем алектенди. 

Андагы илинген  эң кымбат 2.3 млн долларлык кызгылт  түстөгү бриллиант жана кызыл түстөгү 4.9 млн $ бриллиант оюнчуктар бар. 

Буга чейинки эң кымбат балаты, 2010-жылы Абу-Дабиде 11.4 млн $ орнотулган.