Ысык-Көлдө дары чөптөрдү кургатуучу цех курулууда

7 июня 2023, 18:10

Ак-Суу районунун Маман айылында дары чөптөрдү кургатуучу цех курулууда. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти

Маалыматка ылайык, ишкана Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин жардамы менен салынууда.

Курулуш иштери ушул жылдын октябрында аяктайт.