Ысык-Көлдө 54,5 миңден ашуун адам COVID-19га каршы эмделди

3 сентября 2021, 14:25

Ушул жылдын 2-сентябрына карата Ысык-Көлдүн аймагында 54,5 миңден ашык адам COVID-19га каршы эмделген. Аймакта 175 убактылуу эмдөө борборлору бар, деп билдирди министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен бирдикте калктын коронавирустук инфекцияга каршы эмделүүсүн ар бир региондо көбөйүшүн камсыздап, анын зарылдыгын жана вакцина алуунун маанилүүлүгүн активдүү пропагандалоодо.

Эске салсак, кыргызстандыктарда коллективдик иммунитеттин калыптанышын тездетүү үчүн 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин бүткүл өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө боюнча жалпы кампания өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, аймакта 2020-жылдагы маалыматка ылайык 496,4 миң калк жашайт.