Ысык-Көл: үч жылдан бери бүтпөй турган мектептин курулушу аяктап калды

19 августа 2022, 10:17

Ысык-Көл облусунун Оттук айылындагы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

275 окуучуга эсептелген мектептин курулушу 2019-жылдын ноябрь айында башталган. Жаңы мектептин сметалык баасы 1 миллион доллардан ашык болуп, Сауд өнүктүрүү фондунан алынган насыянын эсебинен каржыланган.

Учурда подрядчы бардык курулуш-монтаждоо иштерин аяктады. Жабдуулар сыноодон өтүп, аймак көрктөндүрүлүп, эмерек жана стол жабдыктары орнотулууда.

Мектепти ушул жылдын сентябрь айында пайдаланууга берүү күтүлүүдө.