Ысык-Көлдө 49,4 млн сомдук мектептин курулушу аяктады

6 сентября 2021, 11:15

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылында 2014-жылы башталган мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор боюнча мектеп 150 окуучуга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө объект толугу менен бүтүп, окуу процессин баштоого даяр.

Белгилей кетсек, мекеменин баасы 49,4 миллион сомду түзгөн. Быйыл аны бүткөрүүгө 21,4 миллион сом бөлүнгөн.