Ипотеканын пайызы июль айында 13%га чейин өскөн

23 сентября 2022, 10:06

Июль айында коммерциялык банктар тарабынан 700,7 миллион сом өлчөмүндө ипотекалык насыя берилип, анын улуттук валютадагы көлөмү дээрлик 650 миллион сомду түздү. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Июль айында июнга салыштырмалуу ипотекалык кредиттер боюнча орточо пайыздык чендер 10,64%дан 13%га чейин өскөн. Ошол эле учурда өткөн жылдын июль айында орточо көрсөткүч 15,41% түзгөн.

Ипотекалык кредиттердин баасынын өсүшү менен бирге жаңыдан берилген кредиттердин көлөмүнүн бир эле учурда 43,5%га азайышы байкалууда.

Улуттук валютадагы кредиттердин наркы – 13,22%, чет өлкө валютасында – 10,24%.