Июлда мигранттар Кыргызстанга 248 млн $ жөнөтүшкөн

14 сентября 2020, 09:14

Кыргызстанга мигранттардан июль айында которулган каражаттын суммасы 248 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады. 

Белгиленгендей, каражаттын 98.66% - КМШ өлөлөрүнөн которулган. Каражаттын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 244 млн доллар Россия өлөсүнөн, калган 500 миң доллар Казакстандан которулган. Ал эми башка өлкөлөрдөн 200 мин доллар мекенге жөнөтүлгөн. 

Алыскы чет өлкөдөн мигранттар - 3.3 млн доллар, анын ичинен 2.1  млн доллар - АКШдан которулган. 

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айына салыштырмалуу акча которуулар дароо 10.75% төмөндөгөн, өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу - 10.36% жогорулаган. 

Жыл башынан бери мигранттар мекенине 1 млрд 225.1 млн доллар жөнөтүшкөн.