Ушул айда эки мамлекеттик банкка бюджеттен 2 млрд сом бөлүнөт

21 июня 2022, 08:51

Июнь айында республикалык бюджетте эки мамлекеттик банкка 2 миллиард сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Тактап айтканда, 1 млрд сом “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна түшсө, “РСК Банк” ачык акционердик коомуна да ушундай эле сумма бөлүнөт.

Кошумчалай кетсек, май айында эки мамлекеттик банкка 500 миллион сомдон бюджеттен 1 миллиард сом бөлүү каралган.