Июнда майнерлер 10,5 млн сом салык төлөдү
Ушул жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын аймагында иштеген майнинг компаниялары салык түрүндө 33 млн 783,2 миң сом төлөгөн.
Маалыматка ылайык, бардык сумма толугу менен өлкө бюджетине чегерилген.
Белгилеп кетсек, быйыл 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу майнерлер бюджетке 6,7 млн сомго көп каражат салган, тактап айтканда салык төрт эсеге көбөйгөн.
Мындан тышкары, январь-май айларында 23,2 млн сом төлөшсө, июнь айында мамлекеттик казынага 10,5 млн сом салган.
Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча 2023-жылы эки компания майнинг иштерин жүргүзүүгө уруксат алган. Булар “ФенЮэн” технологиялык компаниясы жана “Кара-Балта спецэнергомонтаж компаниясы”.