Бул айда мамлекеттик карызды төлөөгө кеткен чыгым эки эседен ашат

21 июня 2022, 14:14

Бул айда Кыргызстандын мамлекеттик карызды тейлөөгө чыгашасы май айына салыштырмалуу эки эсеге көбөйөт. Мындай тыянактарды Каржы министрлиги жарыялаган маалыматтардын негизинде жасоого болот.

Алсак, май айында тышкы жана ички кредиторлордун алдындагы мамлекеттик милдеттенмелерди төлөө 1 миллиард 546 миллион 47,4 миң сом өлчөмүндө пландаштырылган болсо, июнь айында бул чыгымдарга 3 миллиард 158 миллион 278,6 миң сом каралган.

Калыстык үчүн айта кетчү нерсе, май айында Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө эң аз каражат жумшаса, эң көп төлөмдөр апрель айына – 4 миллиард 373 миллион 842,2 миң сомго туура келди.

Ушул жылдын апрель айынын соңуна карата Каржы министрлиги тарабынан жарыяланган акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 92,2 млн долларды же болжолдонгон ИДПнын 58,58% түздү.