Июнь айында Кыргызстандын ички карызы 274,6 млн сомго көбөйдү

5 июля 2021, 09:04

Ушул жылдын июнь айынын аягында Кыргызстандын ички карызы 59 миллиард 527,8 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Анын ичинен 59 миллиард 241,8 миллион сому - мамлекеттик казына облигациялары боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери, калган 285 миллион 909 миң сому - мамлекеттик векселдер боюнча.

Май айына салыштырмалуу республиканын ички карызы 274 миллион 619 миң сомго көбөйгөн. Мунун себеби жети жылдык мамлекеттик векселдер боюнча карыз алуунун көбөйүшүнө байланыштуу.