Июнь айында Жогорку Кеңештин аппаратына 40,7 млн сом сарпталат
Июнь айында Жогорку Кеңеш үчүн республикалык бюджеттен 40 миллион 750,7 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинин кассалык планында айтылды.
Январь-март айларында Жогорку Кеңешти кармоого 151 миллион 737,7 миң сом сарпталган, анын 111 миллион 737,7 миң сому эмгек акы болгон.