Кыргызстан ЕАЭБден башка кайсы өлкөлөргө пияз, сарымсак экспорттойт?

30 января 2023, 11:48

Кыргызстан 2021-жылы Евразия экономикалык биримдигине кирбеген жети өлкөгө пиязды (бардык түрлөрүн), ошондой эле сарымсакты экспорттогон. Алардын арасында Монголия, Өзбекстан, Украина, Иран, БАЭ, Молдова жана Ирак бар.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан пияз менен сарымсакты ЕАЭБге кирбеген үч өлкөгө гана экспорттогон. Алсак, былтыр 11 айда Монголияга 36,5 тонна (5,2 миң доллар), Өзбекстанга 587,6 тонна (46,9 миң доллар) пияз сатылган.

Ошондой эле, Монголияга 76,2 миң долларга 48,6 тонна сарымсак сатылса, Бириккен Араб Эмираттарына 4,7 миң долларга 9,4 тонна сарымсак экспорттолду.

Белгилей кетсек, Кыргызстан пиязды Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстандан алып келет.